1 / 58

Айыл чарба факультетинин ачылышы жана тарыхый өнүгүүсү

Айыл чарба факультетинин ачылышы жана тарыхый өнүгүүсү.

Download Presentation

Айыл чарба факультетинин ачылышы жана тарыхый өнүгүүсү

An Image/Link below is provided (as is) to download presentation Download Policy: Content on the Website is provided to you AS IS for your information and personal use and may not be sold / licensed / shared on other websites without getting consent from its author. Content is provided to you AS IS for your information and personal use only. Download presentation by click this link. While downloading, if for some reason you are not able to download a presentation, the publisher may have deleted the file from their server. During download, if you can't get a presentation, the file might be deleted by the publisher.

E N D

Presentation Transcript


  1. Айыл чарба факультетинин ачылышы жана тарыхый өнүгүүсү Факультетибиз КТМУнун Камкорчулар кеңешинин 2007-жылдын 23-октябрындагы 2007/3-4номерлүү чечимининнегизиндеачылып, 2008-2009- окуужылындадаярдоокурсунаалынганстуденттери менен иш-чараларынбаштаган. Факультетибиздин негизги максаты - Мөмө-жемиш жана талаа өсүмдүктөрү, Өсүмдүктөрдү коргоо жана Зоотехния тармактары боюнча бакалавр жана магистратура системасында билим берүү менен заманбап стандарттарга ылайык, айыл чарба технологияларын практикада колдоно билген, өндүрүү иштерин пландап, долбоорлой алган Айыл чарба инженерлерин даярдоо болуп саналат. Факультетибиз 4 жылдык мөөнөт менен билим берет, тил билүү даражасы жетиштүү болбогондор 1 жылдык даярдоо курсунда окушат. Бүтүрүүчүлөрүбүз “Айыл чарба инженери” даражасына ээ болушат. Сабактар теория, лабораториялык жана талаа иштери болуп өтүлөт. Бөлүмдөрдүн окуу программалары эл аралык стандарттарда даярдалган. Имарат, дарсканалар, лабораториялар, изилдөө жүргүзүүчү тажрыйба талаасы жана башка базалар дагы учурдагы заманбап илимий талаптардын негизинде курулууда. Факультетибиздин бүтүрүүчүлөрү – “Айыл чарба инженерлери”, айыл чарба секторлорун кайрадан жандандыруу менен Кыргызстандын өнүгүшүнө кызмат кылган алдыңкы адистерден болушат.

  2. Миссия жана умтулуу Миссия Айылчарбаинженерининнегизгимиссиясы – айылчарбатармагындабилимберүү жанапрактикалыкишчараларынынжыйынтыгынжогоркустандарттаргажеткирүү, аткарылуучуиштердиэларалыкдээңгелде ишкеашыруу, билимчөйрөсүнө жанаКыргызстанга, Түрк дүйнөсүнө жанабүткүл адамзаткаөз салымкошкон, заманбапбилимгежанаулуттукаң-сезимге ээ, табияттыкадырлаганжанакоргогон, кенбайлыктардытуураколдонгон, аналитикалыкой-жүгүртүүгө ээ, кесибинебайланыштуумаселелердичечеалган, өзүнө ишенген, кругозору кең, Кыргыз-Түрк “Манас” университетиндебилималыпжаткандыгыүчүн сыймыктанганжанаазыркыучурдунталаптарынажоопбергенайылчарбаинженерлериндаярдоо. Умтулуу БилимжанатехнологиялардынжардамымененКыргызРеспубликасындажарандарынынжашоосунжакшырткан, мамлекеттикжанаэларалыкбилим, изилдөө жанакурумдармененбайланышыболгон, билим, технология, социалдыкжана спорт ишчараларындаалдыдаболгон, жөндөмдүү, таланттуу, улуттук, илимийжанаэтикалыкбаалуулуктарданжанасапаттарданарттакалбаган, илиминкооммененбөлүшкөн, шериктештеримененынтымактуу, Кыргыз-Түрк “Манас” университетининкызматкерижанабүтүрүүчүсү болгондугуүчүн сыймыканган, кесиптештерименентилтабышкан, жогоркумаданияткаээ, ар бирмаселедеүлгү болгонадис, АДАМ болуу.

  3. 2011-2012 Академиялык жана административтик персоналдардын абалы Айыл чарба факультетинин Өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнүн ага окутуучусу Махабат Коңурбаевага Кыргыз Республикасынын жогорку аттестациялык комиссиясы тарабынан 2011-жылдын 24-декабрында “Биология илимдеринин доктору” илимий даражасы ыйгарылган. Айыл чарба факультетинин Өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнүн ага окутуучусу Абдыкерим Абдуллаевге Кыргыз Республикасынын жогорку аттестациялык комиссиясы тарабынан 2012-жылдын 29- мартында “Агрономия” адистиги боюнча доцент окумуштуулук наамы ыйгарылган.

  4. МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНОЛОГИЯЛЫК БАЗА • Айыл чарба факультетинин материалдык-технологиялык базасын өнүктүрүү максатында курулган 1170 кв. маянтуу 5 лаборатория, 8 офис жана 3 дарскана Технологиялык борбордун комплексинде орун алып, керектүү эмеректер менен камсыздалган. • Факультетибизде Фитопатология-1, Энтомология жана нематология -1, Мөмө-жемиш жана талаа өсүмдүктөрү-1 лабораториясы болуп, жалпысынан 3 лаборатория курулуп, керектүү жабдуулар менен жабдылып, анализ жасоо деңгээлине келди. • Айыл чарба факультетинин өнүгүү планы боюнча курула турган керектүү офис, дарскана, лаборатория, тажрыйба жүргүзүү бөлмөлөрү, муздаткычтуу бөлмө, кампа жана башка керектүү жерлерди камтыган башкы имараттыбызды куруу иштери башталды. • Кампустун ичиндеги тажрыйба талаасынын иштерин жүргүзүү, Талаа механизациясы сабагынын практикасын өтүү үчүн трактор жана анын керектүү шаймандары алынды. • Практикалык сабактар үчүн мини “Айыл чарба паркын” жана талаа иштетүүгө колдонулуучу имаратын куруу күтүлүүдө. • Факультетибиздин жана Табигый илимдер факультетинин билим берүү жаатында практикалык сабактарын өтүү максатында курулган 3 теплицаны иштетүү үчүн комиссия түзүлүп, керектүү жабдууларды алуу иштери боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. • Факультетибиздин “Окуу-тажрыйба талаасында” заманбап сугаруу системасын куруу иштери жүргүзүлүүдө жана бул суу системасын камсыз кылуу үчүн экинчи кудуктун ачылуусу керек. Мунун негизинде Айыл чарба факультетинин тажрыйба талаасын да, кампус ичиндеги бак-дарактарды да сугарууга болот. • 2011-2012-окуу жылында “Окуу-тажрыйба талаасынын” иштетүү планы түзүлүп, Ректорлукка сунулган.

  5. 2011-2012 – ОКУУ ЖЫЛЫНДА ФАКУЛЬТЕТИБИЗДИН БӨЛҮМДӨРҮНҮН УЧУРДАГЫ АБАЛЫ ЖАНА МУКТАЖ БОЛГОН ЛАБОРАТОРИЯЛЫК ЖАБДУУЛАРЫ УЧУРДАГЫ КЕРЕКТҮҮ

  6. 2011-2012 - ОКУУ ЖЫЛЫНДАГЫ СТУДЕНТТЕРДИН САНЫ

  7. 2011-2012 –окуу жылындагы жылдык иш планынын негизинде февраль-май айларында аткарылган иш-чаралар

  8. СТУДЕНТТЕР МЕНЕН БАЙЛАНЫШ ЖАНА АЛАРГА ЖОЛ КӨРСӨТҮҮ Студенттерди мотивациялоо максатында Факультетибиздин академиялык персоналдары жана даанышмандар ар түрдүү иш-чараларды уюштуруп, студенттер менен тыгыз байланышып, аларга жол көрсөтүү кызматтарын жүргүзүүдө өз салымдарын кошууда. Даярдоо курсундагы студенттерибиз үчүн Бөлүмдөрдүн академиялык персоналдары тарабынан айыл чарба иш-чаралары менен байланыштуу жалпы маалымат, терминология жана карьера мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө 4 жума 2 сааттык теория жана семинар сабактары өтүлдү. Бөлүмдөрдүн илимий иш-чараларына студенттердин активдүү катышууларын камсыз кылуу максатында лаборатория, тажрыйба талаасы жана теплицаларда ар түрдүү иш-чаралар аткарылып, ага окутуучу Доц., докт. Абдыкерим Абдуллаев жана ага окутуучу Жакшылык Дүйшеналиевдин жетекчилигинде Энтомология жана отоо чөптөр гербариумдары даярдалды. Мөмө-жемиш жана талаа өсүмдүктөрү бөлүмү 2012-жылдын 16-февралында адистик практика сабагынын негизинде Кыргызстандын улуттук илимдер академиясына, Биотехнология жана башка лабораторияларга барып келишти. 2012-жылдын 4-апрелинде Өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнүн академиялык персоналдары Бишкек шаарындагы “Тепличный” теплицасында өстүрүлгөн декоративтик өсүмдүктөрдүн оорулары жана зыянкечтери жөнүндө маалымат берүү максатында 2-курстун студенттерин алып барып келишти. 2012-жылдын 12-апрелинде Өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнүн академиялык персоналдары 2- жана 3-курсунун студенттерине Кыргызстандын Агробиоборборунун илимий практикалык иш-чаралары менен тааныштырып келишти.

  9. СТУДЕНТТЕР МЕНЕН БАЙЛАНЫШ ЖАНА АЛАРГА ЖОЛ КӨРСӨТҮҮ • Мөмө-жемиш жана талаа өсүмдүктөрү жана Өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмдөрү апрель айында мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн оорулары жана зыянкечтери жөнүндө кеңири маалымат берүү максатында 2- жана 3-курстун студенттерин Ботаника бакчасына жана Тепличный теплицасына алып барышып практикалык билим берүү иш-чараларын жүргүзүштү. • 2012-жылдын 17-апрелинде Айыл чарба клубунун иш-чарасы катары факультетибиздин I, II жана III курсунун студентерине билим берүү жана карьера мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө окутуучуларыбыз тарабынан кеңири маалымат берилди. • Мөмө-жемиш жана талаа өсүмдүктөрү бөлүмү Бишкек шаарында жайгашкан “Түрлөрдү расмий каттоого алуу жана изилдөө станциясы” менен “Ген борборуна” 3-курстун студенттери менен академиялык персоналдары менен бирге барып келишти. • 2012-жылдын 16-майында Мөмө-жемиш жана талаа өсүмдүктөрү бөлүмүнүн 2- жана 3-курсунун студенттери менен бирге академиялык персоналдары Кант жана Токмок шаарындагы MИСстанциясы жана кулпунай бакчасына, Баласагын аймагына барып келишти. • Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттери арасындагы III спартакиадада факультетибиздин студенттери декан жардамчысы Докт. Нурлан Маматовтун жетекчилигинде 5-оорунга ээ болушту (2011-жылы 7-оорунду алышкан). • 2012-жылдын 24-апрелинде “Айыл чарба” клубу тарабынан факультетибиздин баардык студенттеринин арасында “Сыр сандык” аттуу таймаш болуп өттү.

  10. 2011-2012-ОКУУ ЖЫЛЫНЫН ЖАЗГЫ СЕМЕСТРИНИН БААЛАНЫШЫ. ОКУУ ПРОГРАММАЛАРЫН ӨНҮКТҮРҮҮ ИШ-АРАКЕТТЕРИ Факультетибиздин билим берүү иштери Академиялык календарь жана жылдык иш планынын негизинде жүргүзүлүүдө. Факультетибиздин бөлүмдөрү тарабынан Мөмө-жемиш өсүмдүктөрү, Талаа өсүмдүктөрү жана Өсүмдүктөрдү коргоо кафедраларынын Магистратура программасы даярдалып Табигый илимдер институна сунулду. Болон процессине кирген өлкөлөрдүн билим берүү тажрыйбаларын эске алып, Мөмө-жемиш жана талаа өсүмдүктөр бөлүмүнүн ордуна “Мөмө-жемиш өсүмдөктөрү бөлүмү” жана “Талаа өсүмдүктөрү бөлүмү” деген эки башка бөлүмдөрдүн ачылуусу жөнүндөгү сунушубуз Ректоратка сунулган. 2012-жылдын 10-майында Проф., докт. Али ИСЛАМдын жетекчилигинде Орду университетиндеги Магистратуралык диссертациянын жакталышы узактан билим берүү дарсканасында телеконференция жолу менен өткөрүлдү. Кыргыз Республикасынын билим берүү системасы 2012-жылдын 1-сентябрынан баштап Болон процессине өткөндүгүнө байланыштуу, бөлүмдөрүбүздүн окуу программалары жана мазмундары жаңыланууда. Бул жаңылануулар кыска бир убакыттын ичинде Ректоратка сунулат. Окуу программаларынын кыргызча, түркчө, англисче жана орусча версиялары даярдалып интернет сайтка жарыяланган. Кампус ичиндеги факультетибиздин тажрыйба талаасында практикалык сабактар өтүлүүдө жана илимий изилдөө иштери жүргүзүлүүдө. Академиялык сапатты өнүктүрүүгө карата Айыл чарба факультетинин имаратында информатикалык базаны өнүктүрүү жана лабораториялардын кызмат кылуу иш аракеттери улантылууда. Бул максатта алынган лабораториялык материалдар өткөрүлүп алынып, 2011-2012-окуу жылынын жазгы семестринде активдүү колдонулууда.

  11. ИЛИМИЙ ИШ-ЧАРАЛАР

  12. Илимий иш-чаралар S.T.Bobusheva, T.D.Doolotkeldieva ‘Distribution of endophytic fungi in plants of the Southwestern Kyrgyzstan’ (Chatkal, Alay valley). T. D. Doolotkeldieva,S. T. Bobusheva, M.U.Konurbaeva ‘Biotechnology of Streptomyces Bacteria and its application for Sustainable Agriculture in Kyrgyzstan’. Doolotkeldieva TD, Bobusheva ST,Bekturganova B. ‘Microbial community of high mountain and low-temperature soils of Son-Kul valley in Kyrgyzstan’. T.D.Doolotkeldieva,S.T.Bobusheva ‘Biological agents of Erwinia amylovora (Burrill) causing a fire blight of fruit crops in Kyrgyzstan’. Т.Д. Доолоткельдиева ‘Новый биофунгицидный и биостимуляторный препарат для получения органического урожая в условиях Кыргызстана’ T.D.Doolotkeldieva. ‘Host range of new Bacillus thuringiensis pest biocontrol agents from Kyrgyzstan’. T.D.Doolotkeldieva,S.T.Bobusheva tarafından‘Fitapatoloji’ ders ders kitabı hazırlanarak yayına sunulmuştur. Dr. Nurlan Mamatov tarafından ‘Hayvan Yetiştirme ve Üreme Temelleri’ kitabı hazırlanarak yayına sunulmuştur. Dr. Abdıkerim Abdullayev tarafından ‘Bahçe Bitkileri Yetiştirme’ kitabı hazırlanarak yayına sunulmuştur. Dr. Mira Cunusova ‘Bitki Islahı’ isimli ders kitabı Yusuf Has Hacip Milli Üniversitesi tarafından yayınlanmıştır.

  13. 2011-2012-окуу жылынын жазгысеместринин жыйынтыкталышы Илимий иш-чаралар 2011-2012-окуу жылынын жазгы жана күзгү семестринде факультетибиздин баардык академиялык персоналдары тарабынан илимий семинарлар өткөрүлдү. Өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмү тарабынан 15.03.2012-ж. студенттерибизге иш мүмкүнчүлүктөрү жана жайкы практикаларын өтүү мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу максатында “Кыргызстанда Өсүмдүктөрдү коргоо адистеринин зарылдыгы жана манилүүлүгү” аттуу тегерек стол уюштурулду. Мөмө-жемиш жана талаа өсүмдүктөрү бөлүмү тарабынан 28.03.2012-ж. Болон процессине ылайыкталып окуу программасынын кайрадан түзүлүүсү, сапат жана атаандаштыктын өнүктүрүлүүсү жана эки мекеме ортосунда келишимди өнүктүрүү максатында “Айыл чарба факультеттеринде билим берүүнү жаңыландыруу жана сапат” аттуу семинар өткөрүлдү. АКШ (USDA) жана Кыргызстандын Айыл чарба министирлиги менен бирге Проф., докт. Тинатин ДӨӨЛӨТКЕЛДИЕВАнын жетекчилигинде “Ферамон кармагычтарынын колдонулушу менен бактардын зыянкечтерин контролдоо” долбоору жүргүзүлүүдө. 31.05.2012-ж. Проф., докт. Тинатин ДӨӨЛӨТКЕЛДИЕВАнын жетекчилигинде Өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнүн II жана III.курсунун студенттери тарабынан 2011-2012-окуу жылынын күзгү жана жазгы семестринде Фитопатология, Энтомология жана өсүмдүктөрдү биологиялык методдор менен коргоо сабактарында жасашкан адистик жана практикалык изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын балоо максатында “Өсүмдүктөрдү коргоо” аттуу Айыл чарба факультеттеринин 1-улуттук студенттер арасындагы конгресс болуп өттү. Докт. Мира Жунусова тарабынан “Кыргыз -Түрк "Манас" университети” аттуу буудайдын жаңы түрүн селекциялоо долбоору Канттагы МИС менен бирге жүргүзүлүүдө.

  14. 2011-2012 ОКУУ ЖЫЛЫНДАГЫ ИЛИМИЙ СЕМИНАРЛАР

  15. ИШ ДҮЙНӨСҮ ЖАНА КООМ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ 2012-жылдын 05-20-апрель күндөрү Проф., докт. Тинатин ДӨӨЛӨТКЕЛДИЕВА тарабынан Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй областарынан кайрылган дыйкандарга биологиялык жер семирткич жана коргоо препараттарды колдонуу жөнүндө маалымат берилди. Проф., докт. Али ИСЛАМ тарабынан Өндүрүүчүлөргө маалымат берүү жана даанышмандык кызматтарын сунуу үчүн дыйкандар менен чогулуш өткөрүлдү. Доктор Мира ЖУНУСОВА тарабынан чыгарылган “Жаным” аттуу буудай түрүнүн 2012-жылдын 8-февралынан 23-майына чейин дыйкандарга таанытуу иштери жүргүзүлдү. 2012-жылдын 2-6-май күндөрү Жалал-Абад областында жайгашкан жаңгак токойлоруна алдын-ала изилдөө жасалды жана өзгөчө Жалал-Абад жаңгак жана токой изилдөө институту менен келишим мүмкүнчүлүктөрү тууралуу алгачкы күрүшүүлөр жасалды. Декан жардамчысы, доц. м.а., докт. Өзбай ДЕДЕ тарабынан апрель жана май айларында Технология борборунда жашылдандыруу иш-чаралары жүргүзүлдү.

  16. ФАКУЛЬТЕТИБИЗДИН ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫКТАРЫ • Анкара университети менен академиялык келишиминин протоколу. • Орду университети менен түзүлгөн академиялык кызматташтыктын протоколу. Бул протоколдун негизинде Орду университетинин Айыл чарба факультетинин академиялык персоналы доц. м.а. Фарук Акязы факультетибиздин Мөмө-жемиш жана талаа өсүмдүктөрү бөлүмүнүн BKO-212 Өсүмдүктөрдүн зыянкечтери жана күрөшүү (2 2 3) сабагын дистанциялык билим берүү методу менен өттү. • Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министирлиги менен айыл чарба тармагында кадрларды даярдоо боюнча түзүлгөн келишим. • Чыгыш Европа менен Айыл чарба жана экологияда теңдешүү биримдиги (LOGO) менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ортосунда түзүлгөн келишим. • Кыргыз-Түрк "Манас" университети менен Туркия үрөн өндүрүүчүлөрдүн жана өстүрүүчүлөрдүн бирикмесинин (TSÜAB) ортосунда түзүлгөн келишимдин протоколу. • Айыл чарба факультети менен AgroLead мекемесинин ортосундагы Кыргызстандагы дыйкандар жана айыл чарба тармагындагы адистерге илимий-практикалык жардам көрсөтүү боюнча түзүлгөн келишимдин негизинде 45 китеп университетибиздин китепканасына белекке берилген. • Айыл чарба факультети менен “МИС” ачык акционердик коому ортосундагы илим жана билим берүү тармактарында түзүлгөн келишим.

  17. Академиялык календарда көрсөтүлгөндөй сабактар 2012-жылдын 18-майында бүттү жана 2012-жылдын 21-майынан тарта сынактар башталды. Сынактардын мөөнөттөөрү студенттер менен бирге чечилилип, ылайыктуу күндөргө белгиленип, алдын ала жарыяланды. Студенттердин теория жана практикалык сабактары окуу программасынын негизинде өлчөнүп, бааланып, университетибиздин билим-берүү жана сынак инструкциясынын негизинде баалоо жыйынтыктары чыгарылды. 2011-2012-ОКУУ ЖЫЛЫНЫН ЖАЗГЫ СЕМЕСТРИНИН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ СЫНАКТАРЫ ЖАНА АЛАРГА ДАЯРДЫК

  18. Айыл чарба факультетинин 1-курсунун ийгиликке жетишүү абалы

  19. Zootekni Bölümü 1. sınıf başarı grafiği Bitki Koruma Bölümü 1. sınıf başarı grafiği Bahçe ve Tarla Bit. Böl. 1. sınıf başarı grafiği

  20. Айыл чарба факультетинин 2-курсунун ийгиликке жетишүү абалы

  21. Айыл чарба факультетинин 3-курсунун ийгиликке жетишүү абалы

  22. Айыл чарба факультетинин жылдык эс алуу планы

  23. Айыл чарба факультетинин 3-курсунун студенттеринин 2011-2012-окуу жылындагы практикадан өтө турган жерлери • МӨМӨ-ЖЕМИШ ЖАНА ТАЛАА ӨСҮМДҮКТӨРҮ БӨЛҮМҮ

  24. ӨСҮМДҮКТӨРДҮ КОРГОО БӨЛҮМҮ

  25. ЗООТЕХНИЯ БӨЛҮМҮ

  26. 4. 2012-2013-ОКУУ ЖЫЛЫНЫН ПЛАНДАЛЫШЫАКАДЕМИЯЛЫК КАЛЕНДАРЬ • 2012-2013-жылы университетибиздин академиялык календарына ылайык 2012-жылдын сентябрь-2013-жылдын август айларынын (12 ай) ичинде жасала турган академиялык, административдик, илимий жана билим берүү иш аракеттери пландалууда: • Сабак берүү жана практикалык билим берүү • Билим берүүдө багыт берүү • Сынак өткөрүү жана аларды баалоо • Программаны өнүктүрүү, баалоо жана жаңылоо • Билим берүү материалдарын түзүү • Академиялык жана социалдык даанышмандык • Мекеме жана комиссияларда милдеттеме алуу • Коом жана сектор менен байланышуу кызматтары • Студент орентациясы, мотивация жана багыттоо иш-аракеттери • Инсандык өнүктүрүү жана карьералык мүмкүнчүлүктөр, маалымат берүү даанышмандыктары • Изилдөө-өнүктүрүү иш-аракеттери

  27. Факультетибиздин академиялык персоналдарын пландоодо эске алына турган критерийлер аныкталды жана бул критерийлердин негизинде академиялык персоналдарды алуу муктаждыктарынын планы жарыяга чыкты. 4. 2012-2013-окуу жылынын пландалышыАкадемиялык персоналдарды пландоо Университеттин ичинен камсыз кылына турган 2012-2013-окуу жылында окутула турган орток жана милдеттүү сабактардын окутуучуларынын талаптары пландалып Ректоратка сунулат.

  28. 2012-2013-ОКУУ ЖЫЛЫНЫН ПЛАНДАЛУУСУ ЖАНА ОКУТУУ МАТЕРИАЛДАРЫНЫН ӨНҮКТҮРҮЛҮШҮ • Билим берүү иш-чараларында колдонуу максатында жардамчы окуу китептери аныкталып, университетибиздин китепканасына алынууда. • Фитопатология жана нематология практикалык сабактары үчүн гербариум жана курт-кумурскалардын коллекциялары жасалды. • Ошону менен бирге, китеп коллекциясын көбөйтүү максатында муктаждык болгон китептердин жыйнактар аныкталды жана даярдыктар көрүлүүдө. • Университетибиздин 2012-жылындагы бюджетинен факультетибизге бөлүнгөн акчага лабораторияларыбыз үчүн жабдуулар, материалдар, химиялык жана башка керектүү каражаттар алынууда.

  29. КЫЗМАТЧЫ ПЕРСОНАЛДАРДЫН ПЛАНЫ • Лабораторияларда изилдөө иш-чараларында жардамчы болуу жана лабораториялардын техникалык иштерин жүргүзүү максатында 2 лаборантка муктаждыгыбыз бар . • Тажрыйба талаасын сапаттуу иштетүү жана талаа шарттарында илимий изилдөө иш-чараларын жүргүзүү максатында трактор айдай алган 1 техникалык ишчи, 2 кызматчы персоналга муктаждыгыбыз бар.

  30. ДАЯРДОО КУРСУНДА СТУДЕНТЕРДИ ИЛИМИЙ, СОЦИАЛДЫК ЖАНА МАДАНИЙ ЖАКТАН КАМСЫЗ КЫЛУУ • Айыл чарба факультетинин Мөмө-жемиш жана талаа өсүмдүктөрү бөлүмү, Өсүмдүктөрү коргоо бөлүмү жана Зоотехния бөлүмүнүн даярдоо курсунда окуган студенттер менен 2011-2012-окуу жылы күзгү семестринде 1, жазгы семестринде 2 жолу чогулуш өткөрүлүп, факультет, бөлүм жана кесип боюнча маалыматтар берилди. • Өзгөчө, жазгы семестрде өткөрүлгөн илимий иш-чараларга жана семинарларга даярдоо курсунун студенттери да чакырылып, маалыматар берилди. • Жазгы семестрде даярдоо курсунун студенттери үчүн атайын даярдалган программанын негизинде жумада 2 сааттан 3 жума кыргызча жана 3 жума түркчө адистик терминдер жана негизги түшүндүрмө сабактары өткөрүлдү. • 2012-жылдын 17-апрель күнү Айыл чарба факультетинин студенттеринин «Айыл Чарба» клубу тарабынан уюштурулган «Ырыс алды-ынтымак» аттуу жолугуу кечеси болуп өттү. Кечеге Айыл чарба факультетинин мугалимдери, 1, 2, 3 жана даярдоо курстарынын студенттери катышышты. Жолугуу кечесинин максаты - даярдоо курсунун студенттерине бөлүмдөр тууралуу маалымат берүү, мугалимдер, жогорку курстар менен таанышуу жана чет өлкөдө билим алуу жөнүндө маалымат берүү болду.

  31. АДИСТИК ЧЕТ ТИЛ САБАГЫ • КТМУнин Айыл чарба факультетинин жана Эл аралык LOGO (Doğu Avrupa ile Tarım ve Ekolojide Denkleşme Birliği) мекемеси тарабынан түзүлгөн келишимдин негизинде факультетибиздин студенттеринин жайкы практикаларын Германиянын айыл чарба мекемелеринде өтүү максатында адистик немис тили курсу берилүүдө. • Айрыкча адистик англис тили курстарынын берилүүсү факультетибиздин студенттеринин эл аралык айыл чарба тармагындагы маалыматтарды түз алуулары жана өсүп өнүгүүлөрү үчүн зарыл экендигин билдиребиз.

  32. ФАКУЛЬТЕТИБИЗДИ ТАНЫТУУ ИШ-АРАКЕТТЕРИ • 2012-жылдын 17-февралында Кыргызстандын Айыл чарба министирлигинин жардамы менен Кыргызстан Республикасындагы 40ка жакын райондун Айыл чарба башкармалыктарынын башчылары тарабынан университетибиздин жана факультетибиздин таанытуу брошюралары таркатылып берилген. • Проф., докт. Тинатин Дөөлөткелдиева тарабынан 2012-2013-окуу жылында студенттерди факультетибизге чакыруу максатында Бөлүмдүн таанытуу иштери Кыргыз мамлекеттик радиосу тарабынан апрель айында эки жолу берилген. • Өзгөчө факультетибиздин бөлүмдөрүнүн академиялык персоналдары жана студенттери тарабынан бөлүмдү таанытуу планына ылайык таанытуу иш-аракеттери жүргүзүлдү.

  33. Айыл чарба факультетинин комиссия мүчөлөрү

  34. Университетибиздин комиссия мүчөлөрү • Ректорат тарабанан түзүлгөн комиссияларда мүчө болуу жана өз салымдарын кошуу менен азыркы учурда факультетибиздин академиялык персоналдары ар түрдүү комиссия мүчөлөрүнүн милдеттерин аткарууда. • Проф.,докт. Аскарбек Түлөбаев (Декан): • Кыргыз -Түрк "Манас" университети окумуштуулар кеңешинин мүчөсү. • Кыргыз -Түрк "Манас" университети башкаруу кеңешинин мүчөсү i. • Кыргыз -Түрк "Манас" университети айбанаттарга эксперимент жүргүзүүдө маселелерди кароочу этикалык кеңешинин башчысы . • Кыргыз -Түрк "Манас" университети билим берүү комиссиясынын мүчөсү. • Кыргыз -Түрк "Манас" университети Болон процесси комиссия мүчөсү. • Кыргыз -Түрк "Манас" университети китеп басып чыгаруу комиссия мүчөсү. • Кыргыз -Түрк "Манас" университети ашкана жана кафетерия башкаруу кеңешинин мүчөсү • Кыргыз -Түрк "Манас" университети технопаркынын ..........иштетүү тобунун мүчөсү • Кыргыз -Түрк "Манас" университети Кыргызстандын экономикалык жана социалдык өнүктүрүү иш тобунун мүчөсү . • Кыргыз улуттук агрардык университетинин Ветеринария илимдери докторантура коргоо комиссиясынын мүчөсү • Доц.м.а., докт. Өзбай Деде ( Декан жардамчысы ) • Кыргыз -Түрк "Манас" университети түрк дүйнөсү цивилизациясын изилдөө институнун башкаруу кеңешинин мүчөсү • Проф., докт. Тинатин Дөөлөткелдиева (Өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнүн башчысы ): • Кыргыз -Түрк "Манас" университети табигый илимдер журналынын басып чыгаруу боюнча комиссия мүчөсү • Кыргыз -Түрк "Манас" университети мыйзам чыгаруу комиссиясынын мүчөсү • Кыргыз улуттук агрардык университетинин ветеринария илимдеринин доктордук диссертация жактоо комиссиясынын мүчөсү . • Проф., докт. Али Ислам ( Мөмө-жемиш жана талаа өсүмдүктөрү бөлүмүнүн башчысы ): • Кыргыз -Түрк "Манас" университети АДЕК Çekirdek тобу (Башчы ) • Кыргыз -Түрк "Манас" университети Академиялык баалоо жана сапатты жакшыртуу тобунун башчысы • Кыргыз -Түрк "Манас" университети болон проццессине өтүү боюнча комиссия мүчөсү • Кыргыз -Түрк "Манас" университети ‘İç Değerlendirme ve Gözetim ekibi’ ‘Donanım Geliştirme комиссия мүчөсү • Доц.м.а., Адем КАРАТАШ ( Айыл чарба факультети ): • Кыргыз -Түрк "Манас" университети окумуштуулар кеңешинин мүчөсү • Ага окут. Докт. Нурлан МАМАТОВ (Декан жардамчысы): • Kırgız-Türk Manas Üniversitesi Öğrenci, Akademik ve İdari Personel Bilgilendirme, Yönlendirme ve Motivasyon Komisyonu Üyesi

  35. ФАКУЛЬТЕТИБИЗДИН СУНУШТАРЫ • Факультетибизде Мөмө-жемиш өсүмдүктөрү, Талаа өсүмдүктөрү жана Өсүмдүктөрдү коргоо кафедраларында магистратура жана докторантура программаларынын ачылуусу зарыл. • Мөмө-жемиш жана талаа өсүмдөктөрү бөлүмүнүн ордуна “Мөмө-жемиш өсүмдүктөрү” жана “Талаа өсүмдүктөрү” болуп эки башка программасынын ачылышы талапка ылайык. • Мөмө-жемиш жана талаа өсүмдүктөрү бөлүмүнө 4, Өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнө 2, Зоотехния бөлүмүнө 1 жаш илимий изилдөөчүлөр керек. • Факультетибизге Топурак жана агрохимия анализ лабораториясына, Өсүмдүктөрдү коргоо тармагындагы керектүү жабдууларга, Тоют өсүмдүктөрүн анализдөө лабораториясынын жабдылышына муктаждыгыбыз бар. • Ботаника бакчасындагы факультетибизге тиешелүү теплицалардын пайдалуу колдонулушу үчүн Теплица иштетүү комиссиясы тарабынан талап кылынган материалдардын сатып алып берүүңүздөргө муктаждыгыбыз бар.

  36. 2011-2012-окуу жылынын жазгы семестриндеги факультетибиздин иш-чаралары Факультетибиздин кампус ичиндеги 1,38 гектарлык тажрыйба талаасынын 0,52 гектары мөмө-жемиш өсүмдүктөрү, 0,86 гектар ротация системасына ылайыкталган талаа өсүмдүктөрүнө бөлүнгөн. Бул жылдан баштап 0,37 гектары талаа жана 0,2 гектары мөмө-жемиш болуп иштетиле баштаган. “ Тажрыйба талаада” студенттердин практикалык сабактары өтүү менен бирге, илимий изилдөө иш-аракеттери да жүргүзүлгөн.

  37. Факультетибизге жаңы алынган МТЗ-92 маркасындагы трактор жана анын шаймандарын “Айыл чарба механизациясы” сабагын берүүдө колдонуу менен бирге “Тажрыйба талаабызды” жана ошол элу учурда университетибизди жашылдандыруу иш аракеттеринде колдонууда.

  38. Студенттерибиздин билимин жана ой-жүгүртүү жөндөмдүүлүктөрүн өстүрүү максатында Кыргызстан Республикасынын Айыл чарба министирлигине тиешелүү мекемелерди, Бишкек шаарынын Метеорология борбору, Кыргыз Илимдер Академиясы, Ботаника бакчасы, “Ала Арча” улуттук паркына, Кыргыз илим изилдөө, Айбанаттар жана шалбаа институна, АгроЛид мекемесине жана Бишкек шаарындагы жеке мекемелерге ар башка күндөрү барып көрүп келишти.

  39. Бөлүмдөрдүн илимий изилдөө иш-чараларына студенттердин активтүү катышууларын камсыз кылуу максатында лаборатория, тажрыйба талаасы жана теплицаларды ар түрдүү иш-чараларды өткөрүлдү жана Доц., докт. Абдыкери Абдуллаев жана ага окутуучу Жакшылык Дүйшеналиевтин жетекчилигинде студенттер тарабынан Энтомология жана отоо чөптөр гербариумдары даярдалды. .

  40. 2012-жылдын 17-апрель күнү Айыл чарба факультетинин студенттеринин «Айыл Чарба» клубу тарабынан уюштурулган «Ырыс алды-ынтымак» аттуу жолугуу кечеси болуп өттү. Кечеге Айыл чарба факультетинин мугалимдери, 1, 2, 3 жана даярдоо курстарынын студенттери катышышты. Жолугуу кечесинин максаты - даярдоо курсунун студенттерине бөлүмдөр тууралуу маалымат берүү, мугалимдер, жогорку курстар менен таанышуу жана чет өлкөдө билим алуу жөнүндө маалымат берүү болду.

  41. Туркия жана Дүйнөдөгү Айыл чарба тармактарындагы жаңылыктар жана илимий өнүгүүлөр менен кабардар болуп туруу максатында Факультетибиздин чогулуш өткүрүүчү залында “TARIM TÜRK” каналы орнотулуп, бул каналды студенттерибиз кызыгуу менен көрүшүүдө.

  42. Университетибиздин Психологиялык кеңеш жана багыт берүү борбору тарабынан Айыл чарба факультетинде 2011-жылдын 8-10-февраль күндорү Мөмө-жемиш жана талаа өсүмдүктөрү бөлүмүнүн, Өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнүн, Зоотехния бөлүмүнүн 1, 2- жана 3-курсунун студенттерине өтүлгөн семинарларда студенттерге таасирдүү сабак аткаруунун ыкмалары тууралуу кеңири маалыматтар берилип, темага байланыштуу ар түрдүү оюндар жана көнүгүүлөр көрсөтүлдү.

  43. 2012-жылдын 17-февралында университетибиздин Айыл чарба факультетинде Япониянын Иватэ жана Обихиро университеттеринин кызматкерлери профессор Хироки ЧИБА, Хирофуми САТО жана доктор Ичироу ТАНАКАлар болушуп, келечектеги кызматташтык тууралуу ойлорун билгизишти. Факультеттин деканынын м.а. профессор, доктор Аскарбек ТҮЛӨБАЕВ, декан жардамчысы, доцент м.а., доктор Өзбай ДЕДЕ жана бөлүм башчылары профессор, доктор Али Ислам жана профессор, доктор Тинатин ДӨӨЛӨТКЕЛДИЕВАлар менен болгон баарлашуунун жыйынтыгында бул университеттер арасында мал чарбачылыгы жана өсүмдүктөрдү коргоо тармактарында кызматташуу багыттары белгиленди.

  44. 2012-жылдын 16-17-февралында Бишкек шаарынын Хаят мейманканасында Түркия үрөн өндүрүүчүлөрүнүн жана өстүрүүчүлөрүнүн бирикмесинин, Кыргызстан үрөнчүлүк ассоциясынын жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Айыл чарба факультетинин ортосундагы кызматташтык жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз-Түрк “Манас” университети жана Түркия үрөн өндүрүүчүлөрүнүн жана өстүрүүчүлөрүнүн бирикмесинин ортосундагы кызматташтык тууралуу протоколуна кол коюлду. Кыргыз-Түрк “Манас” университеттин атынан Айыл чарба факультетинин деканынын м.а., профессор, доктор Аскарбек ТҮЛӨБАЕВ, Түркия үрөн өндүрүүчүлөрүнүн жана өстүрүүчүлөрүнүн бирикмесинин атынан Башкаруу кеңешинин жетекчиси Илхами Өзжан АЙГУН кол коюшту.

  45. 2012-жылдын 15-мартындагы Өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмү тарабынан “Кыргызстанда өсүмдүктөрдү коргоо адистеринин маанилүүлүгү” аттуу тегерек стөл болуп өттү.

More Related