1 / 32

МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАР ТУТУМУН БААЛОО

«ЭЛЕКТР СТАНЦИЯЛАРЫ» АЧЫК АКЦИОНЕРДИК КООМУ. МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАР ТУТУМУН БААЛОО. Эксперттер: Базакеева Жылдыз Жаманчаевна Абдымомунова Сайна Рыскелдиевна. Мамлекеттик сатып алуулардын этабы. Сатып алууларды жүргүзүү боюнча жоопкерчилик. Пландоо.

Download Presentation

МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАР ТУТУМУН БААЛОО

An Image/Link below is provided (as is) to download presentation Download Policy: Content on the Website is provided to you AS IS for your information and personal use and may not be sold / licensed / shared on other websites without getting consent from its author. Content is provided to you AS IS for your information and personal use only. Download presentation by click this link. While downloading, if for some reason you are not able to download a presentation, the publisher may have deleted the file from their server. During download, if you can't get a presentation, the file might be deleted by the publisher.

E N D

Presentation Transcript


  1. «ЭЛЕКТР СТАНЦИЯЛАРЫ» АЧЫК АКЦИОНЕРДИК КООМУ МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАР ТУТУМУН БААЛОО Эксперттер: Базакеева Жылдыз Жаманчаевна Абдымомунова Сайна Рыскелдиевна

  2. МамлекеттиксатыпалуулардынэтабыМамлекеттиксатыпалуулардынэтабы Сатыпалуулардыжүргүзүүбоюнчажоопкерчилик Пландоо Тендердикдокументтердииштепчыгуужанасоодалашууларгачакыруу Тендер мөөнөтү Тендердикарыздардыачуужанабаалоо ЖеңүүчүнүтандоожанаКелишимтүзүү Келишимдибашкаруу

  3. Алынганмаалыматтаргажалпысереп Изилдөө процессинде төмөнкүлөр каралды: • Чыгашалар сметасы жана анын аткарылышы; • Сатып алуулар планы жана түзүмдүк бөлүктөрдүн товарларга, иштерге жана кызматтарга болгон муктаждыктары; • 2010-жыл үчүн өткөрүлгөн 31 тендерлер боюнча 23 тендердик документтер.

  4. Иш жүзүндөгү чыгашалар 4 104 444,0 миң сом. 300 707 миң сом 534 687 миң сом Жабдууну күнүмдүк Башка кызматтар(13%) оңдооя (7%) 645598,5 миң сом Жабдууну капиталдык оңдоо16%) 2 623 451 миң сом товарлар;( 64%) 2010-жыл үчүнчыгашалардынсхемасы Слайддын тексти

  5. Товарларды, иштердижанакызматтардысатыпалуу Жалпысынан 2 623 ,4 млн. сом суммасында товарлар сатылып алынды: • анын ичинде тендер боюнча 1 717, 2 млн. сом (65%); • тендер өткөрбөстөн 906 ,2 млн. сом (35%) Жалпысынан 946,3 млн сом суммасында иштер сатылып алынды: • тендер боюнча298,2млн. сом (32%); • тендер өткөрбөстөн 648,1млн. сом (68%). Жалпысынан 534,7 млн. сом суммасында кызматтар сатылып алынды: • тендер боюнча 1,1 млн. сом (0,2%); • тендер өткөрбөстөн 533,6 млн. сом (99,8%)

  6. Сатыпалуулар планы • Түзүмдүк бөлүктөр берген муктаждыктардын негизинде сатып алуулардын бирдиктүү планы түзүлбөйт. • Планда товарларга карата техникалык өзгөчөлүктөрү көрсөтүлбөйт. • Сатып алуулар планында каралган сумма өткөрүлгөн сатып алуулардын суммасына дал келбейт. • Чектөөсүз соодалашуудан тышкары, мамлекеттик сатып алуулардын тандалып алынган ыкмасы негизсиз. Мисал: «Жүк көтөрүүчү механизмдер, автоунаалар, тракторлор жана кошумча тетиктер» беренеси боюнча24 товардын түрү боюнча сатып алуулардын ар кандай ыкмалары тандалып алынган. Айрым товарларга сатып алуу ыкмасы таптакыр каралган эмес.

  7. Сатыпалууларыкмасы • Товарларды, иштерди жана кызматтарды сатып алууга бөлүнгөн 4 104,4 млн. сомго, тендер боюнча, негизинен чектөөсүз катышуу менен, 49% пайызы гана, 2 016,5 млн. сом суммасында сатылып алынган; • Бөлүнгөн каражаттын 2 087,9 млн. сомуна же 51 пайызына бир булактан сатып алуулар өткөрүлгөн; • Ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен Мыйзамдын 38-беренесинин негизинде канча сатылып алынганы тууралуу маалымат жок.

  8. Камсыздоо жана логистика департаменти Сатып алуулар жана логистика бөлүмү (3 адам) Материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмү (5 адам) Отун камсыздоо бөлүмү (4 адам) Иш-милдети: Сатып алуулар планы ТД иштеп чыгуу Кулактандыруу ТА сактоо Иш-милдети: 2,0 млн. сомго чейин сатып алуулар Филиалдардын муктаждыктарын чогултуу Келишим түзүү Иш-милдети: Мазут жана көмүр менен өз убагында камсыздоо, Мазут, көмүрдү ташып жеткирүү боюнча келишим түзүү Сатыпалуучууюмдун потенциалы(сатыпалууларбөлүмү) Слайддын тексти

  9. Сатыпалуучууюмдун потенциалы (тендердик комиссия) • Ар бир өткөрүлүүчү тендерге тендердик комиссиянын өзүнчө курамы түзүлөт. • Тендердик комиссиянын курамына «ЭС» ААКы кызматкерлери жана түзүмдүк бөлүктөрүнүн өкүлдөрү, айрым учурларда Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин өкүлдөрү жана көмъүр боюнча гана тендерде коомчулуктун өкүлдөрү кирген.

  10. Сатыпалуучунун потенциалы(сурамжылоонунжыйынтыгы) • Изилдөөнүн жүрүшүндө эксперттер сатып алуу өлүмүнуң 3 кызматкерин жана тендердик комиссиянын 8 мүчөсүн сурамжылоого алышкан. Анкетиди сурамжылоонун катышуучулары өздөрүнүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча билимин төмөндөгүдөй баалашкан: • жакшы – 4 (суралгандардын 36%ы), сатып алуулар бөлүмүнүн 3 өкүлү жана тендердик комиссиянын 1 мүчөсү. • канааттандыраарлык– 7 (64%), бардыгы тендердик комиссиянын өкүлдөрү. • Изилдөөнүн жыйынтыгы тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн квалификациянын төмөндүгүн жана сатып алуулар бөлүмүнүн жетишсиз квалификацияны көрсөттү.

  11. Тендер өткөрүүнүуюштуруу(мониторинг жүргүзүү) Сатыпалууларбөлүмүнүниш-милдетинекеминдеэки мониторинг жүргүщүүкирет: • сатыпалуулардыпландооучурунда; • жана тендер өткөрүүнүналдында. Бирок, сатыпалууларбөлүмүбулиш-милдеттитолукаткарбайт.

  12. Тендер өткөрүүнүуюштуруу(тендердикдокументтердииштепчыгуу) Мыйзамдын 21-беренесин бузуу менен айрым тендерлерде төмөнкүдөй бузуулар болгон товарларды сатып алуу боюнча : • тендердик арыздарды баалоо критерийлери каралган эмес; • техникалык көзөмөлго жана сыноого карата талаптар коюлган эмес; • документтерде чыгаша жана төлөм, төлөм мөөнөтү көрсөтүлбөйт; • сатылып алынган товарлардын сапатына карата талаптар коюла турган Техникалык өзгөчөлүктөрдө, стандарттарга же МАМАСТна шилтеме жок; • ташып жеткирүү мөөнөтү көрсөтүлбөйт, кемтикти оңдоого узак мөөнөт белгиленет.

  13. Тендер өткөрүүнүуюштуруу(тендердикдокументтердииштепчыгуу) Кызматтарга карата иштелип чыккан тендердик документтерде төмөндөгү бузуулар аныкталган: • аткарылган көлөмү боюнча ар бир лотко өзүнчө квалификациялык талаптар белгиленген; • Келишимдин өзгөчө шарттарында келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуунун шарттары белгиленген эмес; • Кызматтардын көлөмү боюнча ведомостиде сатып алынган кызматтардын түрлөү көрсөтүлгөн эмес.. Мисалы: Чыпкалардын коргоочу жабуусун чийки желим майда деталдары менен оңдоо (бурамалар, тройниктер ж.б.). «ЭС» ААКы дефект актысы боюнча сметалык наркын түзбөйт, дефект актысын түзүүдө зарыл жумуштардын бардык түрлөрү бааланышы керек. Дефект актысын сабаттуу түзбөгөндүк, жумушту аткарууда иштин көлөмүн көбөйтүүгө алып келиши мүмкүн.

  14. Тендер өткөрүүнүуюштуруу(соодалашуужөнүндөкулактандырууберүү) • «ЭС» ААКы Мыйзамдын 17-беренесине ылайык тендерге чакырат, документтерде Мамлекеттик сатып алуулардын бюллетенинде жана массалык маалымат каражаттарында (респубилкалык маанидеги бардык гезиттер) жарыяланган тендер өткөрүү жөнүндө кулактандыруулардын көчүрмөсү болот. • Потенциалдуу катышуучулардын маалымат базасы жок; • Кулактандыруу чыккандан кийин түз чакыруу тажрыйбаланган эмес.

  15. Тендер өткөрүүнүуюштуруу(тендердикмөөнөт) • Товарларды сатып алууга каралган ири суммага жана сатып алынган кызматтардын татаалдыгына карабай, «ЭС» ААКы Мыйзамда каралган тендер алдындагы жыйын өткөрүү укугун пайдаланбайт. • Бишкек ш. ЖЭБинин негизги жабдуусун оңдоо боюнча тендер өткөрүүдөгү тендердик мөөнөттө «ЭС» ААКынын тендердик документтеринде белгиленген талаптар эки жылда 20,0 млн. сомдон 6 млн. сомго өзгөргөн.

  16. Тендер өткөрүүнүуюштуруу(тендердикарыздардыбаалоожанасалыштыруу) Тендердин комиссия тендердик арыздарды баалоону жаан салыштырууну төмөндөгүдөй бузуулар менен өткөрөт: • Документтерде тендердик комиссиянын ар бир мүчөсүнүн баалоо отчеттору жок; • «ЭС» ААКы жеңүүчүлөрдү белгиленген документтердин бардыгы жана минималдуу баа боюнча тандайт; • Жеңүүчүлөрдү тандоодо белгиленген баалоо критерийлери эсепке алынбайт; • Айрым тендерлерде, Мыйзамдын 27-беренесин бузуу менен катышуучулардын тендердик арыздарын баалоодо тендердик комиссия тендердик арыздарды болоор-болбос катачылыктар үчүн артка кайтарат; • Тендердик комиссиянын мыйзамсыз аракеттери жөнүндө фактылар бар, баалоонун жыйынтыктары боюнча ачууда тендердик комиссия шайкештик жана товардын чыгарылышы боюнча сертификатты, лицензия сурайт жана жетишсиз документтерди берүүнүн мөөнөтүн белгилейт.

  17. ТендердикарыздардыбаалоомисалдарыТендердикарыздардыбаалоомисалдары • Ар тараптуу трансформатору менен электрогаз өчүргүчтөрүн сатып алуу боюнча тендерде бардык үч катышуучу тең Тендердик арызды кепилдик камсыздоону, Соцфонддон жана МСКдан маалым каттарды бербегендигине карабастан, булардык жоктугу бардык талаптануучулардын тендердик арыздарын артка кайтарууга негиз болооруна карабай, тендердин жыйынтыгы боюнчп «Электроаппарат» ВО ААКы жеңүүчү деп табылган.

  18. ТендердикарыздардыбаалоомисалдарыТендердикарыздардыбаалоомисалдары Казак көмүрүн сатып алуу боюнча тендер (Шубаркүл кенинен жана Кулан кенинен): • «North power trade» ТОО «Шабыркүл көмүр» АКы көмүр казып алуучу компания менен көмүр жеткирүү боюнча келишимди «ЭС» ААКы менен келишим түзүү жөнүндө чечим кабыл алынаар алдында берген; • бул компания квалификация жөнүндө маалыматтарда 2100,0 миң АКШ долларын көрсөткөн, бул көмүрдү ташып жеткирүү боюнча жеке ишкер менен түзүлгөн келишимдин негизиндеги ташып жеткирүүгө окшош болгон (келишимде наркы жок эле саны көрсөтүлгөн); • жеткирүүчү тарабынан көрсөтүлгөн калган ташып жеткирүүлөр ташып жеткирүүнүн мүнөзү боюнча ушундай эле жеткирүүгө карата талаптарга жооп бербейт, анткени жеткирүүчү тамак-аш продуктуларын ташып жеткирген.

  19. ТендердикарыздардыбаалоомисалдарыТендердикарыздардыбаалоомисалдары Бишкек ш. ЖЭБи үчүн М-100 жагылуучу мазутту сатып алуу боюнча тендерде: • Тендердин жеңүүчүсү болгон «Асур» ЖЧКы берген документтерде Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгы берген салык санкциялары боюнча 713 сом карызы бары жөнүндө маалым кат болгон. • Сатып алуулар процедурасынын протоколунда карыздын жоктугу жөнүндө көрсөтүлгөн. • Жагылуучу мазутка карата жеңүүчүнүн баасы 308 АКШ долларын түзгөн. • Белгилей кетсек, квалификация жөнүндө маалыматта бул компания «Кант цемент заводу» ААКыга февралда 5000 тонна көлөмүндө 250 АКШ доллары баасы боюнча жеткиргени көрсөтүлгөн. Бул тендерде КР «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамынын 8-беренеси бузулган, башкача айтканда жеткирүүчү салыктар боюнча милдеттемелерин аткарышы керек. Ошондой эле мамлекеттик каражаттарды үнөмдөө максатында тендердик комиссия акыркы 6 айда мазумттун баасынын 58 АКШ долларына кымбаттап кеткенин себептери жөнүндө сурашы керек болчу, анткени баа боюнча айырма 348 000 АКШ долларын түзгөн.

  20. ТендердикарыздардыбаалоомисалдарыТендердикарыздардыбаалоомисалдары Котировка сурамасы менен атайын кийимдерди жана атайын бут кийимдерди сатып алуу боюнча тендерде: • Мыйзамдын негизги максатына жетүү үчүн эксперттер «Новый формат» ЖЧКынын ар бири 870 сом турган жумушчу батинкелерине берген артка кайтарылган арызын карашты. Бул компания «Таланпром» ООО өндүрүүчү заводдун атынан Кыргызстандашы дилерлик жөнүндө кат берген, анда мунай, мунай продуктулары менен кислотадан коргой турган атайын бут кийимдерге сертификаты болгон, бирок тендердик комиссия бул компаниянын үлгүлөрү талаптарга жооп бербей, тагыраак айтканда үлгү терини алмаштыруучу материалдан, лабораториялык анализ өткөрбөй туруп жасалгандыгы жөнүндө чечим чыгарган. • Ушундай эле окуя кирза өтүктөрүнө да байланыштуу болгон, мында «Тодас» ЖЧКы бир даанасы 988,75 сом болгон арызды берген, ал эми жеңүүчү катары ар бир даанасын 1299 сом деп белгилеген «Буланчиев» ЖП аныкталган. Ошентип, экперттер сатып алуулар боюнча адистердин начар даярдыгынан улам атайын бут кийимди сатып алууда мамлекеттик каражат жалпы суммасы 775,6 миң сомго ашыкча чыгымдалган деп эсепшетет.

  21. ТендердикарыздардыбаалоомисалдарыТендердикарыздардыбаалоомисалдары 232 000,0 миң сом суммасына көмүр сатып алуу боюнча тендерде: Катышуучу «Кара-Кече» ЖЧКы №5 жана 6 лотко 2000 жана 2030 сом баасы боюнча арызын берген жана бул арыз артка кайтарылган: • тендердик арыздын кепилдик камсыздоосун толук эмес суммада бергендигинин негизинде (201,5 миң сомдун ордуна, жеткирүүчү 100,0 миң сом гана берген) • ушундай ташып жеткирүүлөр боюнча маалымат бербегендиги, бирок квалификация жөнүндө маалыматта 12,5 млн. сом көрсөтүлгөн жана көмүр чыккан жерди иштетүүгө лицензиянын, келишимдин көчүрмөсүнүн жана бухгалтердик баланстын жоктугу. • Белгилей кетсек, 2009-жылы көмүр ташып жеткирүү боюнча «ЭС» ААКы менен түзүлгөн келишимге карата кошумча макулдашуу берилген. Ошентип, «Кара-Кече» ЖЧКы компаниясы мурда көмүр ташып жеткирип жүргөндүгү жөнүндө тастыктоо бар.

  22. ТендердикарыздардыбаалоомисалдарыТендердикарыздардыбаалоомисалдары Күлшлак төгүлүүчү курулуштун зонасынан АЛ-110 чыгарып кетүү сатып алуулары боюнча тендерде: • эки катышуунун тендердик арыздары болоор-болбос катачылыктар үчүн артка кайтарылган (тендердик арыздын кепилдик камсыздоосунун аракетинин мөөнөтүнүн ылайык келбегендиги); • бардык үч катышуучунун тендердик арыздары аванс төлөмдөрү боюнча Буйуртмачынын талаптарына ылайык келбей калган (тендердик документтерде аванс төлөмү каралган эмес), анткени бардык катышуучулар ар кандай өлчөмдөгү аванс төлөмүн талап кылышкан; • тендердик комиссия Мыйзамдын 27-берененин 3-пункттун бузуу менен аванс төлөмүнө жана келишимди аткаруунун кепилдик камсыздоосуна карата «Энхоллком» ЖЧКы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн; • «Энхоллком» ЖЧКы аванстык төлөмү жок жана ГОИД талабы боюнча 10 пайызды түзсө да, келишимди аткаруунун кепилдик камсыздоосунун өлчөмүн 3 пайызга чейин төмөндөтүү менен келишим түзүүгө макулдугун берет.

  23. ТендердикарыздардыбаалоомисалдарыТендердикарыздардыбаалоомисалдары Тамакка салынуучу тузду сатып алуу боюнча тендерде: • котировкаларды ачкандан кийин тендердик комиссия химиялык анализ жүргүзүү үчүн туздун үлгүлөрүн берүүнү сурайт. • Тендердик документтерде туздун сапатына карата 8 көрсөткүч боюнча критерийлер белгиленген. Бирок химиялык анализ Бишкек ш. ЖЭБИинин лабораториясында 4 көрсөткүч боюнча гана өткөрүлгөн. «ЭС» ААКы сапатка карата белгиленген бардык талаптарга ылайык келээрине химиялык анализди көз карандысыз лаборатоияларда өткөрүшү керек болчу.

  24. ТендердикарыздардыбаалоомисалдарыТендердикарыздардыбаалоомисалдары Бишкек ш. ЖЭБинин негнигизги жабдуусун оңдоо боюнча тендерде: • №1 Электр казандарын оңдоо лоту боюнча тендердин катышуучулары сунуштаган иштин түрлөрү боюнча баалар чоң айырмачылыкка ээ экени Мисалы: казандын шыбын тыгыздоо менен 25 тонна шып буу жылыткычын даярдоо жана алмаштыруу; «Средазэнергомонтаж» ААКы ар бир тоннасына 450,0 миң сомдон 11,2 млн. сом суммасында сунуштаган, ал эми «Дастан» ПСК тоннасына 60,0 миң сомдон 1,5 млн. сом суммасында сунуштаган. Эгерде тендердин эки катышуусучу сунуштаган иштин ар бир түрү боюнча эң арзан бааны ала турган болсок, иштин наркы 21,7 млн. сом турмак же бул лот боюнча сунушталган эң арзан баага караганда 33 пайызга төмөн болмок. • №5 лот боюнча Иштин көлөмүнүн ведомствосунда «Нарынспецгидроэнергомонтаж» ААКы дефект актысында көрсөтүлбөгөн 765 665 сом суммасында жарыктандыруу ишин кошкон.

  25. ТендердикарыздардыбаалоомисалдарыТендердикарыздардыбаалоомисалдары Бишкек ш. ЖЭБинин негизги жабдуусу оңдоо боюнча тендерде: • №3,9,11 лоттору боюнча иштин ар бир түрү боюнча №4 лотунун 14 позициясы боюнча баалар бир нече, ондогон жана жүздөгөн миң айырмачылыкка, ал эми кээ бир позицияларда миллион сомго айырмачылык бар. • №9 ХВО жабуудусун химкоргоо лоту боюнча тендердин катышуучусу «Антикор» ЖЧКы өзүнүн тендердик арызын чыгаша материалдары менен бирге берген, ал эми «ЭС» ААКы аны кабыл алат, бирок тендердик документтерде чыгаша материалдарынын саны көрсөтүлгөн эмес, чыгаша материалдарынын сапатына карата талаптар коюлган эмес, берилген маалым каттардын мөөнөтү өтүп кеткен. • №8 лоту боюнча «Электросредазмонтаж» ЖЧКыдан иштин Дефект актысында каралбаган 6 133 ,4 миң сом суммасы алынган.

  26. ТендердикарыздардыбаалоомисалдарыТендердикарыздардыбаалоомисалдары Токтогул ГЭСинин негизги жабдуусун оңдоо боюнча тендерде: • тендердик документтерде, дефект актысында жана тендердин катышуучуларынын иш көлөмүнүн ведомствосунда көрсөтүлгөн иштин түрлөрүндө айырмачылыктар бар. • «ЭС» ААКы дефект актысы боюнча сметалык наркын түзбөй, дефект актысын түзүүдө талап кылынган иштердин бардык түрлөрүн баалоо зарыл. • сатып алуулар процедурасынын протоколундагы тендердик арыздын бардыгы жөнүндө маалымат (ПСК «Дастан»), карыздын жоктугу жөнүндө маалымат (ОсОО «Гетест», ОсОО «Гидрокурулуш») чындыкка дал келбейт. • «Гетест» ЖЧКы тендер өткөрүп жаткан учурда 50,7 миң сом суммасында карызы болгон, «Гидрокурулуш» ЖЧКы карызынын жоктугу жөнүндө мөөнөтү өткөн маалым катты берген.

  27. ТендердикарыздардыбаалоомисалдарыТендердикарыздардыбаалоомисалдары ГЭСтердин жабдууларын капиталдык оңдоо боюнча тендерде: • Дефект актысы техникалык кароону жүргүзүүгө карата түзүлгөн. Ал эми тендердин катышуучулары оңдоо иштеринин ар бир түрүн деталдаштыруу менен капиталдык оңдоону жүргүзүүгө карата арыз беришкен. • Жабдууларды капиталдык жана күнүмдүк оңдоону баалоо жүргүзүлгөн эмес, натыйжада оңдоо иштеринин реалдуу баасын эч ким билбейт. • №1,2,3,4,5,8 лоттору боюнча тендер өткөрүлгөн эмес, бирок бул лоттор боюнча тендерди жокко чыгаруунун себептери сатып алуулар процедураларынын протоколунда көрсөтүлгөн эмес. • № 6, 7, 9, 10 лоттору боюнча катышуучулар сунуштаган баа оңдоого бөлүнгөн каражаттан жогору болгондугуна карабай, №6,7,9,10,11,12,13,14 лоттору боюнча тендердин жыйынтыгы менен 57,8 млн. сом суммасындагы келишим «Нарынспецгидроэнергомонтаж» ААКыга ыйгарылган., бул Мыйзамдын 29-беренсин бузууга жатат.

  28. ТендердикарыздардыбаалоомисалдарыТендердикарыздардыбаалоомисалдары 8 лот боюнча оңдоо иштерине карата тендерде: • Ачуу процедурасында тендердин 10 катышуучусунун арыздары ачылган; • Баалоо процедурасында катышуучу «Гидрокурулуш» ЖЧКынын арызы тендердик комиссия тарабынан бааланган эмес (тендердик арызды чакыртып алуу жөнүндө кат жок) • сатып алуулар процедурасынын протоколунда бул катышуучунун тендерге катышуусу жөнүндө маалымат таптакыр жок; • №3 лот боюнча «СТ-Балтика» ЖЧКы дефект актысында каралбаган 2 412 981 сом суммасында «Токтогул ГЭСинин оң жана сол жээгинин тоо беттериндеги коргочу жабдууларды капиталдык оңдоо» ишин сунуштаган, Буйуртмачы муну кабыл алып жана бул иштерди эсепке алуу менен келишим түзөт.

  29. ТендердикарыздардыбаалоомисалдарыТендердикарыздардыбаалоомисалдары 8 лот боюнча оңдоо иштерине карата тендерде: • «КСРП» ЖЧКынын тендердик арызында көрсөтүлгөн №5 лот боюнча – 1 824 миң сом жана №6 – 742,5 миң сом жана тендердик арыздарды ачуу процедурасында жарыяланган сумма Иштин көлөмүнүн ведомствосунда көрсөтүлгөн суммага туура келбейт (№5 -2 038,6 миң сом жана лот №6- 829,9 миң сом). • тендердик арыздарды ачкандан кийин тендердик комиссия Иштин көлөмүнүн ведомствосун жаңы баа менен алмаштырып, тендердин катышуучусунан баанын өзгөрүшүн кабыл алган; • «Курулуш материалдар заводу» ЖЧКы альпинисттик иштерге лицензиясы жок болгондугуна карабай, тендердин жыйынтыктары боюнча келишим ыйгарылган.

  30. Тендер өткөрүүнүуюштуруу(келишимтүзүү) 1378 тонн көлөмүндө күкүкрт кислотасын сатып алуу боюнча тендерде: • Жеңүүчү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин тендердик комиссия «Химреагент» ЖЧКынын тендердик арызынан 1 440 АКШ долларына көбөйгөн арифметикалык катаны табат жана тендердик комиссия 248 040 АКШ доллары суммасында жаңы бааны кабыл алат жана жаңы баа боюнча келишим түзөт.

  31. Товарларды, иштердижанакызматтардыжеткирүүкелишимининмазмуну Келишим Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине ылайык түзүлөт, бирок өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн айрым келишимдер жеңүүчүлөрдүн тендердик арызынын шарттарында түзүлбөйт. Түзүлгөн келишимдерде жеткирүүнүн конкреттүү мөөнөтү көрсөтүлбөйт, мында өз убагында ташып жеткирүү үчүн Жарандык кодекстин ченемдерин колдонууну кыйындатат: • 20.02.10-жылдагы «Атоленд» ЖЧКы менен жалпы суммасы 5 687,6 миң сомго автоунаа жеткирүүгө карата келишим. Келишимде жеткирүүгө байланыштуу салыктарды жана чыгымдарды киргизүү жөнүндө каралган эмес; • 25.02.10-жылдагы «Full mobili» ЖЧКы менен эмерек жеткирүү келишими. Келишимдин суммасы көрсөтүлгөн эмес, эмеректин сапатына карата талаптар жок, жеткирүүчү келишими милдеттемелерин аткарбагандыгы үчүн санкциялар белгиленген эмес, сатып алуучунун гана жоопкерчилиги көрсөтүлгөн; • 04.03.10-жылданы «Старооскольская технологическая компания» ЖЧКы менен келишим, №1 өзгөчөлүктө баа 28.02.10-жылга чейин жарамдуу экени белгиленген, келишим 4-мартта түзүлгөндүктөк, тараптардын жоопкерчилиги каралган эмес. • 05.03.10-жылдагы «Кум Тау» ТОО менен 4 100,0 миң АКШ доллары суммасына көмүр жеткирүү боюнча келишим. Жеткирүү гарфиги жок, көмүрдү мөөнөтүндө алып келбегендиги үчүн жеткирүүчүнүн жоопкерчилиги белгиленген эмес.

  32. Товарларды, иштердижанакызматтардыжеткирүүкелишимининмазмуну • 15.03.10-жылы ар кандай шарттары менен майларды жана майлагычтарды сатып алуу келишими түзүлгөн, мында «Юмат» ЖЧКы жана «Алетон» ЖЧКы КНС, сатуудан салыкты, акцизди төлөө менен продукцияны жеткирет, ал эми «Снабдормаш» ТОО акцизди, бажы төлөмдөрүн төлөбөй туруп продукция жеткирет. Белгиленген пунктка чейин жетикрүүгө байланыштуу чыгымдар көрсөтүлгөн эмес. • 2.09.10 жана 2.09.11-жылдагы кыргыз кендеринен көмүр сатып алуу келишимдеринде жеткирүүчүлөрдүн келишимдин кепилдик камсыздоосун берүү жөнүндө көрсөтүлгөн, бирок буо шарт келишим түзүү учурунда жарыяланышы керек. Бул кепилдикти кармоонун шарттары көрсөтүлгөн эмес. • Бир күндө  382 057 сом жана 557 620 сом суммасына металл продукцияларын жеткирүү боюнча бир ай кепилдиги , ошондой эле төлөөнүн ар кандай шарттары(50% алдын ала төлөм, 100% алдын ала төлөм)менен эки келишим түзүлгөн. Кошумча шарттар пнукттунда мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү, статистикалык каттоо картасын, МСКдан маалым катты берүү каралган, бул документтер келишим түзүлгөнгө чейин берилиши керек.

More Related