1 / 14

МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАР ТУТУМУН ЖАКШЫРТУУ БОЮНЧА СУНУШТАР

Сунуштар Кыргыз Республикасынын Коррупцияга каршы ишкер кеңеши тарабынан даярдалды. МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАР ТУТУМУН ЖАКШЫРТУУ БОЮНЧА СУНУШТАР. Эксперттер: Базакеева Жылдыз Жаманчаевна Абдымомунова Сайна Рыскелдиевна. Сатып алуучу уюмдун потенцияалын жогорулатуу.

Download Presentation

МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАР ТУТУМУН ЖАКШЫРТУУ БОЮНЧА СУНУШТАР

An Image/Link below is provided (as is) to download presentation Download Policy: Content on the Website is provided to you AS IS for your information and personal use and may not be sold / licensed / shared on other websites without getting consent from its author. Content is provided to you AS IS for your information and personal use only. Download presentation by click this link. While downloading, if for some reason you are not able to download a presentation, the publisher may have deleted the file from their server. During download, if you can't get a presentation, the file might be deleted by the publisher.

E N D

Presentation Transcript


  1. Сунуштар Кыргыз Республикасынын Коррупцияга каршы ишкер кеңеши тарабынан даярдалды МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАР ТУТУМУН ЖАКШЫРТУУ БОЮНЧА СУНУШТАР Эксперттер: Базакеева Жылдыз Жаманчаевна Абдымомунова Сайна Рыскелдиевна

  2. СатыпалуучууюмдунпотенцияалынжогорулатууСатыпалуучууюмдунпотенцияалынжогорулатуу Жыл сайын төмөндөгүлөр тажрыйбаланышы керек: Сатып алуу бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин жана тендер комиссияларынын мүчөлөрүнүн мамлекеттик сатып алуулардын процедураларына окутуу; Сатып алуу бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин жана тендер комиссияларынын мүчөлөрүнүн мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды билүүсүн аттестациядан өткөрүү

  3. Ачык-айкындуулуктужогорулатуу Мамлекеттик сатып алуулар боюнча төмөндөгү маалыматтар сайтка жайгаштыруу жолу менен жалпыга жеткиликтүү болушу керек: план закупок: Даярдалган тендердик документтер; Документтерди ачуу жана сатып алуу процедураларынын протоколдору; Баалоонун жыйынтыктары, жеңүүчүлөрдү тандоо; Түзүлгөн келишимдер жөнүндө маалымат

  4. ЖеткирүүчүлөрдүнжанаподрядчылардынмаалыматбазасынтүзүүЖеткирүүчүлөрдүнжанаподрядчылардынмаалыматбазасынтүзүү Долбоорлоо, курулуш, оңдоо кызматтарына лицензиясы бар энергетика чөйрөсүндөгү адистешкен подрядчылардын маалымат базасын түзүү. Түзүмдүк бөлүмдөр (ЖЭБ, ГЭС) Россияда өндүрүлгөн жабдуулар менен иштээрин эске алуу менен Камсыздоо жана логистика департаментинде техниканы, запастык бөлүктөрдү өндүрүүчүлөрдүн маалымат базасы болушу керек.. Өндүрүүчүлөр менен дилерлердин мындай маалымат базасы көмүр, мазут, техникалык туз, каустикалык сода, чыпка өңдүү ж.б. стратегиялык товарлар боюнча түзүлүшү керек.

  5. ПландоожанасатыпалуулардынпланынкалыптандырууПландоожанасатыпалуулардынпланынкалыптандыруу Мамлекеттик сатып алууларды пландоодо компаниянын товарга, жумуштарга жана кызматтарга болгон керектөөсүн дыкат изилдөө. Жумуштардын өзгөчөлүгүн эске алуу менен компаниянын бир нече жылга өнүктүрүү планы болушу керек, бул товарларга, жумуштарга жана кызматтарга болгон керектөөнү алдын-ала аныктоого мүмкүнчүлүк берет. Сатып алуулардын планын түзүү боюнча бир катар сунуштар: Дайыма рынокко мониторинг жүргүзүү; Курулушту сатып алууну же капиталдык оңдоо жүргүзүүнү объектилердин долбоордук-сметалык наркы аныкталгандан кийин гана долбоорлоого тендер жарыялоо менен сатып алуулардын планына киргизүү керек, добоордук-сметалык документтер иштелип чыккандан кийин демонтажга, жерди ажыратууга уруксат берүүчү документтерди алуу керек; Товарларды топтор боюнча эмес, ар бир түр боюнча өзүнчө, техникалык жана сапаттык мүнөздөмөлөрүн көргөзүү менен пландоо керек.

  6. Соодалашуугачакыруу Тендерге катышуу үчүн арыздарды берүүнүн акыркы мөөнөтүн мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөткө ылайык белгилөө, кулактандырууларды мыйзамдын 19-беренесинде белгиленген форма боюнча жарыялоо. Кулактандыруулар чыккандан кийин соодалашууга потенциалдуу сатып алуучуларды түз, дипломатиялык өкүлчүлүктөр аркылуу чакырууну тажрыйбалоо. Мамлекеттик сатып алуулардын бюллетенинде жана Массалык маалымат каражаттарында жарыяланган кулактандыруулардын, дипломатиялык өкүлчүлүктөр аркылуу түз чакыруу жиберилген катышуучулардын тизмесинин бардык көчүрмөлөрүн документтерде сактоо

  7. Тендердикмөөнөттө Тендердин алдындагы кеңешмеде потенциалдуу жеткирүүчүлөрдүн жана подрядчылардын катышуусу менен тендер өткөрүүнү тажрыйбалоо. Тендердик арыздарды баалоонун белгиленген критерийлери, кызыкчылыктардын коллизиясы жана коммерциялык жашыруун сыр болгон маалыматтардын конфиденциалдуулугу боюнча тендердик комиссиянын мүчөлөрүнө инструктаж өткөрүү.

  8. Тендердикарыздардыачуу Тендердик арыздарды ачуунун протоколунда төмөндөгүлөрдү көрсөтүү керек: тендердик арыздардын кепилдик камсыздоосунун жарамдуулук мөөнөтү; Берилген маалымкаттардын номерлерин, салыктар жана Соцфондго төлөмдөр боюнча карыздарынын бар, же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү; Талапкердин атынан катышкандар жөнүндө маалыматтар (ишеним каттын номери, ишеним кат кимдин атына берилген жана ишкананын жетекчиси өзү катышып жаткандыгы боюнча) Сатып алуулардын ачыктыгын камсыздоо үчүн Тендердик комиссиялардын курамына жарандык коомдун өкүлдөрүн (байкоочу кеңешти)киргизүү керек. Мындан тышкары жарандык коомдун өкүлдөрү мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө билими болушу зарыл.

  9. ТендердикарыздардыбаалоожанасалыштырууТендердикарыздардыбаалоожанасалыштыруу Тандоо процедурасын өткөрүүдө тендердик документтерде каралган критерийлерди гана пайдалануу. Берилген тендердик арызга карата талаптануучу менен кандайдыр бир сүйлөшүүлөрдү жрүгүзбөө. Тендердик комиссиянын ар бир мүчөсү ар бир катышуучунун тендердик арызын баалап жана салыштырып жана баалоо баракчаларын түзүшү керек. Ачкандан кийин тендердик арыздарга өзгөртүүлөрдү кабыл албоо, тендердик арызды баалоого карата арзандатуулар боюнча ачуу процедурасында жарыяланбаган жана каралбаган сунуштарды кабыл албоо.

  10. ТендердикарыздардыбаалоожанасалыштырууТендердикарыздардыбаалоожанасалыштыруу Чектелбеген соодалашууларды өткөрүүдө келишим тендердик документтердеги талаптарга маңызы боюнча жооп берген жана эң төмөнкү баалоо наркына ээ тендердик арызга ыйгарылышы керек. Котировка сурамасы боюнча тендер өткөрүүдө келишимди сатып алуучу уюмдун муктаждыгын канааттандырган котировканы сунуштаган жана эң төмөнкү котировканы белгилеген жеткирүүчүгө ыйгарылышы керек.

  11. ЖеңүүчүнүаныктоожанакелишимтүзүүЖеңүүчүнүаныктоожанакелишимтүзүү Мыйзамдын 13-беренесине ылайык, сатып алуулар бөлүмү тендердик комиссия курамында үч адамдан кем болбогон тендердин жеңүүчүсү жөнүндө чыгарган сунуштамасынын негизиндекелишим түзүү тууралуу чечим кабыл алышы керек. Максималдуу өтмө суммадан беш эсе көп болгон сатып алууларда жеңүүчүнү аныктаганга чейин компаниялар Мыйзамда белгиленген талаптарга сатып алуунун ылайык келээрин аныктоо үчүн аудит жүргүзүшү керек.

  12. ЖеңүүчүнүаныктоожанакелишимтүзүүЖеңүүчүнүаныктоожанакелишимтүзүү Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык келишимди жеңүүчүлөрдүн тендердик арыздарынын шарттарында түзүү керек. Келишимди аткаруунун кепилдик камсыздоосун киргизүү процедурасыне тажрыйбалоо.

  13. Келишимтүзүүбоюнча келишимде товарды жеткирүүнүн мөөнөтү көрсөтүлүшү керек (бир жолку, партия менен, график боюнча). товарды жеткирүүнүн тартиби: жүктөө же товарды сатып алуучуга (өкүлгө) берүү тартиби. келишимде товарга карата менчик укугунун өтүү учуру аныкталышы керек; жеткирүүчүнүн милдеттемелерди бузгандагы учуруна байланыштуу тобокелчиликтерди аныктоо (товарды жеткирбей коюу, товарды туура эмес ассортиментте, сапатта алып келүү, келишимде каралгандан көп алып келүү, туура эмес мөөнөттө алып келүү) товардын сакталышын камсыздаган тара жана таңгак үчүн жеткирүүчүнүнү жоопкерчилиги.

  14. Көңүлбурганыңыздаргарахмат!

More Related